Тажикстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министрлиги дарыгерлердин чет элдик фармацевтикалык компаниялар менен кызматташуусуна тыюу салды. Бул тууралуу Азаттыктын тажик кызматы кабарлайт.
Тажик дарыгерлери мындан ары чет элдик компаниялар менен жеке келишимдерди түзүп, бейтаптарга алардын продукцияларын сунуштап же жарнамалай алышпайт. Мекемеден билдиришкендей, дарыгерлер жеке пайда көздөп, бейтаптарга өздөрү кызматташкан фирмалардын дары-дармектерин сунуштап келишет.
Саламаттыкты сактоо системасындагы жаңы кодекс боюнча чет элдик компаниялар менен кызматташкан дарыгерлер жана компаниялар үчүн 8 миң сомони (900 доллар тегерегинде) айыппул салынат. Эгер сунушталган дары бейтаптын ден соолугуна терс таасирин тийгизсе, дарыгер 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Буга чейин Тажикстанда белгилүү бир дарыканаларда дары сатып алууга мажбурлаган 12 дарыгерге айып пул салынганы кабарланган.
Тажикстанга Орусия, Индия, Беларус, Украина, Пакистан жана Кытайдан өндүрүлгөн дары-дармектер келет. Тажикстандын өзүндө дары чыгарган 27 компания бар.