Мамлекеттик наамдарды кыскартуу сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев бүгүнкү отурумда билдирди.
Анын айтымында, жогорку наам болгон «Манас» орденин үч-деңгээлде берүү туура эмес.
«Айрым наамдарды кыскартуу боюнча сунуш киргизсеңиздер туура болот. Мисалы, эгер соттолгон киши кандайдыр бир эрдик жасаса анда кандай болот? Ал наам ала алабы?» — деди ал.
Отурумда белгилүү болгондой, соттолгон жарандарга наам ыйгарууга чек коюлган. Алар сот өкүмүн толук аткарышы керек. Негизинен наамдар боюнча баардык суроолор президентке караштуу атайын комиссиянын бүтүмү менен чечилет.