21:09
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

ЖОЖдорго табигый кырсыктан жабыркагандарды билим акысынан бошотуу сунушталды

Өзгөн жана Чоң-Алайда жапа чеккендердин балдарын университеттеги билим акысынан бошотуу сунушталды. Бул тууралуу Жогорку Кенештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында депутат Аскар Шадиев билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик ЖОЖдор салыктан бошотулган. Андыктан алардын жаратылыш кырсыгынан жабыркагандарга жардам иретинде бир жылдык акыдан бошотуу мүмкүнчүлүгү бар.

«ЖОЖдордун имараты мамлекеттик. Биз аларды салыктан бошоттук. Айрым ректорлор бизнесмендерден дагы жакшы жашайт. Бизди сунушту колдобогон ректорлорго чара колдонушубуз керек» — деди депутат.

Жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Салидин Калдыбаев, бул сунушту министрлик ЖОЖдордун жетекчилерине жөнөткөндүгүн маалымдады.

Эң көп окулган жаңылыктар