Ардагерге жогору баага ресивер сатып берген соцкызматкер акчасынын бир бөлүгүн кайтарып берди. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине «Ардагерлер 365» фондунан маалымдашты.
Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын аксакал тургунуна 3 миң сомго ресивер сатып келип, аны орноткону үчүн кошумча дагы 450 сом алышкан.
«Чындыгында 3 миң сомдук ресивер жок. Биз согуш ардагерлерине 610 сомго орнотуп жатабыз», — дешти фонддон.
Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Лариса Губина, ардагерге ресивердин акчасын кайтарып беришкендигин маалымдады. Бирок, 1,5 миң сомун гана кайтарышкан.