18:19
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Чет өлкөгө иш сапарды жактырган министрликтердин рейтинги

Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, 2016-жылы мамлекеттик мекемелердин жана аймактагы ыйрагым өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү 1 миң 775 жолу чет өлкөгө иш сапарда болушкан.

Эң көп Экономика министрлигинин жана бажы кызматынын кызматкерлери четке чыгышкан. Алар бир жылда 204 жана 147 жолу өлкөдөн тышта болушкан. Нарын жана Талас облусунун жетекчилиги 3–4 жолу, Отун-энергетикалык комплекси боюнча мамлекеттик агентигинен бир эле жолу чет жакка сапар тарткан.

Графикада 40 жолудан ашык четте иш сапарда болгон мамлекеттик органдар гана көрсөтүлгөн.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, мамлекеттик органдар баардык иш сапары боюнча маалымат бербейт. 2016-жылы ӨКМ, МСК, МКК, Соцфонд өлкөдөн сырткары болгон иш сапарлары тууралуу толук кабарлашкан. Мисалы, Экономика министрлиги 204 сапарынын 189у боюнча гана ТИМге кабарлаган.

Эскерте кетсем, кечээ эле вице-спикер Алтынай Өмүрбекова айрым аткаминерлердин чет жактагы жүрүм-турумун сынга алган.

«Айрым маалыматтарга таянсак, биздин аткаминерлер четке бизнес класс менен учуп, кымбат меймаканаларда жашап, туристтер сыяктуу эс алып, барган иш чарасына катышпайт дагы экен» — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума