11:48
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Өзбекстанда жер титирөө Кыргызстанда сезилди

Өзбекстанда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталып, анын силкинүүсү Кыргызстандын тургундарына да сезилди. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирет.

Маалыматка ылайык, сейсмикалык активдүүлүк 24-июнда саат 22:07де катталган.

Жер титирөөнүн очогу Өзбекстандын аймагында, Марказ айылынан 7 чакырым, Кара-Дөбө айылынан түндүк-батышты көздөй 14 чакырым, Фергана шаарынан түштүк-батышты көздөй 14 чакырым жана Ош шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 82 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Кыргызстандын калктуу конуштарында — Марказ жана Кара-Дөбө айылдарында жер титирөөнүн күчү ушул эле 4 баллга жакын болду.

Эң көп окулган жаңылыктар