Бишкекте күн бүркөө болуп, жаан жаашы мүмкүн. Синоптиктер ушундай алдын ала божомолду билдиришүүдө.
8-июнда түнкүсүн абанын температурасы +17 градус тегерегинде, күндүз +33 градуска чейин болот.
9-июнда түнкүсүн аба ырайы олуттуу өзгөрбөйт, +18 градус болушу күтүлөт. Күндүз бир аз жаан жаашы мүмкүн, ал эми термометрдин көрсөткүчү +36 градуска чейин көтөрүлөт.
10-июнда күн бүркөө болот. Түнкүсүн +19 градус болору болжолдонсо, күндүз +35 градуска чейин ысыйт.

