12:10
USD 87.45
EUR 101.36
RUB 1.24

Москвада кыргызстандык аялдын мыкачылык менен өлтүрүлүшү: ТИМдин түшүндүрмөсү

Москвада кыргызстандык аялдын мыкачылык менен өлтүрүлүшү боюнча Тышкы иштер министрлиги түшүндүрмө берди.

Окуянын бардык жагдайларын тактоо максатында Министрликтин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин консулу ыкчам түрдө Россия Федерациясынын Москва шаары боюнча Тергөө комитетинин Башкы тергөө башкармалыгына жөнөп кетти.

Ошол эле учурда Элчилик тарабынан укук коргоо органдарына тиешелүү суроо-талаптар жөнөтүлдү. Жаңы маалыматтар алынганда кошумча билдирүү бөлүшүлөт.

«Бул маселе Министрликтин өзгөчө көзөмөлүндө турат» — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, РФтин Тергөө комитети Айгерим аттуу 33 жаштагы КР жаранынын мыкачылык менен өлтүрүлүшүн иликтөөдө. Туугандары кыздын зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн издери бар жансыз денесин Люблин көчөсүндөгү ижарага алынган батирдин ичинен, дивандын астынан табышкан.

Кыз Москвадагы ооруканалардын биринде пол жуугуч болуп иштеп, эки мекендеши менен бирге эки бөлмөлүү батирде жашачу. Ал 8-майдан тарта байланышка чыкпай калган. Видеокөзөмөл камералары Айгеримдин саат 21.00 чамасында өзү жашаган подъездге кирип баратканын жана андан кийин дайынсыз жоголгонун тартып калган.

Эң көп окулган жаңылыктар