17:57
USD 87.45
EUR 102.07
RUB 1.12

Оштогу Ак-Буура дарыясынан 323 миң тоннадан ашык таштанды чыгарылды

Президент Садыр Жапаров Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясын көрктөндүрүү жана тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирди.

ӨКМ башчысы Канатбек Чыныбаев үстүбүздөгү жылдын март айында дарыянын 17 чакырым тилкесинин абалына талдоо жүргүзүлгөнүн билдирди.

Жумуштарды ишке ашырууга 24 млн сом бөлүнгөн. 22 даана атайын техника тартылып, механикалык иштер башталды.

Бүгүнкү күндө дарыянын нугунан 323 510 тонна сел калдыктары жана кум-шагыл массалары чыгарылды. Тазалоо иштеринин баарын ушул жылдын 15-апрелине чейин бүткөрүү пландалган.

Президент Садыр Жапаров суу объектилеринин экологиялык абалын жакшыртууга жана калктын коопсуздугун камсыздоого багытталган иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу аткаруу зарылдыгын эскертти.

Эң көп окулган жаңылыктар