1-апрелге карата өлкөдө азык-түлүктөргө (нан азыктары, картошка, жашылча-жемиштер, мөмө-жемиштер, эт, сүт, кумшекер, жумуртка, өсүмдүк майы ж.б.) болгон баалар боюнча салыштырма мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Мониторингдин жыйынтыгында төмөнкүдөй жыйынтыктар аныкталды:
- сабиз — 1,4 пайызга
- кум-шекер — 0,5 пайызга
- кой эти (сулп этинен башкасы) — 0,4 пайызга
- макарон азыктары (спагетти) — 0,4 пайызга
- каймак май (туздалбаган, 72 % аз эмес кошулмаларсыз жана өсүмдүк майларысыз) — 0,1 пайызга
- тазаланган өсүмдүк күн карама майы — 0,1 пайызга
- пастерленген 2,5-3,2% майлуулуктагы сүт — 0,1 пайызга жогорулаган.
Ал эми төмөнкү азыктарда баанын арзандаганы байкалды:
- жумуртка — 3,3 пайыз
- баш пияз — 2,3 пайыз
- күрүч — 0,4 пайыз
- уй эти (сулп этинен башкасы) — 0,2 пайыз.

