14:29
USD 87.45
EUR 101.22
RUB 1.11

Чемпиондор Лигасынын 1/4 финалы: «Реал Мадрид» өз үйүндө «Бавариядан» жеңилди

«Бавария» Чемпиондор Лигасынын чейрек финалынын биринчи оюнунда «Реал Мадридди» конокто жеңди.

Оюн 2:1 эсебинде аяктады.

Луис Диас биринчи таймда эсепти ачып, 42-мүнөттө гол киргизди. Экинчи таймдын башында Гарри Кейн коноктордун айырмасын эки эсеге көбөйттү. Килиан Мбаппе 74-мүнөттө бир гол киргизди.

Жооптук беттеш 15-апрелде Мюнхенде өтөт.

Европанын эң мыкты клубдук мелдешинин чейрек финалынын жооптук беттештери 14 жана 15-апрелде өтөт.

Ал эми финалдык беттеш Венгриянын Будапешт шаарындагы «Пушкаш Аренасында» өтөт. Беттеш 2026-жылдын 30-майына белгиленген.

Эң көп окулган жаңылыктар