ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Бишкек — Ош жана Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолдорунда масштабдуу профилактикалык иш-чараларды өткөрдү.
Мекемеден билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө айдоочулар тарабынан ылдамдыкты олуттуу ашыруу фактылары катталган. Маселен, Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун Бообек айылындагы тилкеде айдоочулар ылдамдыкты ашырып айдап жатышканы аныкталды:
калктуу конуштарда унаанын максималдуу ылдамдыгы — 60 км/саат;
калктуу конуштардан тышкары — 90 км/саат.
Бир жумалык рейддин жыйынтыгы:
Жалпысынан 28 255 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталып, төмөнкүдөй көрсөткүчтөр катталды:
3 159 — тиешелүү документтери жок унаа башкаруу;
3 105 — белгиленген ылдамдыкты ашыруу;
2 266 — жөө жүргүнчүлөр тарабынан жасалган эреже бузуулар;
560 — мас абалында унаа башкаруу;
185 — терезелерди мыйзамсыз караңгылатуу;
10 804 — башка эреже бузуулар.
Рейддин алкагында 4 320 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короосуна токтотулду.

