ЖК депутаты ысык сууну өчүрүүнү кийинкиге жылдырууну суранды. Бул тууралуу эл өкүлү Илимбек Кубанычбеков парламенттин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, апрель айындагы аба ырайы дагы эле салкын.
«Бардык эле адамдарда суу жылыткычтар жок. Сууну өчүрүү адамдар үчүн бир топ ыңгайсыздыктарды жаратат. Ошондуктан, жарандар өчүрүүнү май же июнь айларына жылуураак болгонго чейин кийинкиге калтырууну суранышууда», — деп белгиледи Илимбек Кубанычбеков.
Эскерте кетсек, Бишкекте ысык суу 1-апрелде 40 күнгө өчүрүлөт.

