Арашан-Чуңкурчак жолу апрель айында оңдолуп, асфальтталат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, асфвальттоо иштери апрель айында башталат. Учурда жолдун 0-22-чакырым аралыгында кеңейтүү жана жолдун негизин даярдоо жумуштары толугу менен аяктады.
Жумуштар мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланып, № 25 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.
Аталган жол туристтик мааниге ээ болгон негизги каттамдардын бири. Жол тоо лыжа базага жана аймактагы эс алуу жайларга алып барат. Жолдун курулушу жарандарга ыңгайлуу шарт түзүп, айдоочулардын коопсуз кыймылын камсыз кылат.
Белгилей кетсек, буга чейин 2025-жылы суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу, 2 көпүрөнү реконструкциялоо иштери бүткөрүлгөн.

