12:00
USD 87.45
EUR 100.17
RUB 1.03

Бишкекте айт намазы окулду: Эски аянтка 30 миңден ашык адам келди

Бүгүн дүйнө жүзүндөгү мусулмандар ыйык Рамазан айынын аякташын белгилеген эң маанилүү майрамдардын бири — Орозо айт майрамын белгилеп жатат. Эртең мененден баштап адамдар ар тараптан Эски аянтка агылып келди. Саат 07:00дөн баштап Куран окулуп, диний баяндар айтылды.

Андан соң айт намазы окулуп, муфтий Абдулазиз Закиров майрамдык дуба кылды.

Орозо айт намазына президент Садыр Жапаров да катышты.

Күбөлөрдүн айтымында, айт намазын окуу үчүн 30 миңден ашык адам келген. Намазга келгендер аянттын борбордук бөлүгүн гана эмес, айланасындагы көчөлөрдү да ээлеп, сапка тизилишти.

Аянттын айланасында милиция кызматкерлери жана медициналык кызматкерлер болду. Коомдук тартип күчөтүлгөн кыраакылык менен сакталып, иш-чара тынч маанайда өттү.

Эң көп окулган жаңылыктар