17:05
USD 87.45
EUR 100.07
RUB 1.09

ӨКМ: Тоолуу жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу бар

18-марттан 23-мартка чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана негизги унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.

Буга байланыштуу Кыргызгидромет кызматы төмөнкү жолдордо жүрүүдө сак болууну эскертти:

  • Бишкек — Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында;
  • Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 55-115-чакырымдарында;
  • Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарындагы Долон ашуусунда;
  • Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда;
  • Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад унаа жолунун 201-205, 260-290 жана 326-349-чакырымдарындагы Көк-Арт ашуусуда.

Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Эң көп окулган жаңылыктар