Орозо айт майрамында өлкө боюнча 10 миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартипти камсыздайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги жарыялап, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн жеке курам күчөтүлгөн тартипте иштей турганын белгиледи.
Майрам күнү ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, жарандардын коопсуздугун камсыздоого жана укук бузуулардын алдын алууга өзгөчө көңүл бурушат.
Айт намазынын программасы төмөндөгүдөй:
- 07:30-08:00-баяндар айтылат;
- 08:00-08:25-имам-хатибдердин жана мамлекеттик ишмерлердин куттуктоолору;
- 08:25- 08:30-Айт намазын окуунун эрежелерин түшүндүрүү;
- 08:30-08:50-Айт намазын окуу.
Милиция жарандарды коомдук тартипти сактоого, бири-бирине урмат-сый менен мамиле кылууга жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууга чакырат.

