11:49
USD 87.45
EUR 100.09
RUB 1.10

Бишкекте 298 трансформатор оңдолуп, 38 даана жаңысы орнотулат

Быйыл Бишкек шаарында чыңалуусу 6—10/0,4 кВ болгон 298 трансформатор оңдоодон өтүп, 38 жаңы трансформатор орнотулат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул иштер март айынан ноябрь айына чейин жүргүзүлөт. Трансформаторлор төмөнкү райондук электр тармактарында жаңыланат:

  • Чыгыш РЭТ: 113 даана оңдолуп, 25 даана жаңысы орнотулат;
  • Батыш РЭТ: 100 даана оңдолуп, 3 даана жаңысы орнотулат;
  • Түндүк РЭТ: 85 даана оңдолуп, 10 даана жаңысы орнотулат.

Белгилей кетсек, Бишкек электр тармактар ишканасынын балансында жалпы 2 248 даана трансформатор бар. Жылдын аягына чейин алардын бардыгы техникалык тейлөөдөн жана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар