Кыргызстанда «Жашыл мурас» улуттук кампаниясынын алкагында жашылдандыруу иштери активдүү уланууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыл башынан бери республика боюнча 3 250 гектардан ашык жер аянтына 3 млн 820 миң 663 түп көчөт отургузулду. Учурда жаш көчөттөрдү сугаруу жана коргоо иштери планга ылайык жүргүзүлүүдө.
Үстүбүздөгү жылы кампаниянын алкагында отургузула турган көчөттөрдүн санын 9 млн түпкө жеткирүү пландалууда. Бул көрсөткүч өлкөнүн экологиялык абалын жакшыртууга жана токой аянттарын кеңейтүүгө багытталган.
Белгиленгендей, 2025-жылы өлкө аймагында жалпысынан 8 млн 239 миңден ашык бак-дарак отургузулган. Көчөттөр 6 420 гектар аянтты камсыздап, алардын өсүп кетүү көрсөткүчү 74,5 пайызды түздү.

