Учурда Old Bishkek комплекси техникалык режимде иштеп жатат жана курулуш иштери толук аяктай элек. Жер астындагы бөлүгүндө байкалган суу өтүүлөр — бул убактылуу көрүнүш.
Эмне себептен мындай болуп жатат?
Жер астындагы жана жер үстүндөгү бөлүктөр бирдиктүү гидроизоляция системасы менен туташкан. Азыркы учурда жогорку кабаттардагы бетон блоктор алынгандыктан, жаан жааганда суу төмөнкү деңгээлдерге өтүп кетүүдө.
Имараттын фасадын куруу мамлекеттик органдардан тиешелүү уруксаттар алынганга чейин убактылуу токтотулган.
Мамлекеттик органдардан уруксат алынып, имараттын контуру толук жабылгандан кийин бул маселе толугу менен чечилет.

