11:33
USD 87.45
EUR 103.25
RUB 1.14

Ирандагы кырдаал: БАЭдеги кыргызстандыктар үчүн ТИМ сунуштары

Жакынкы Чыгыш аймагындагы татаал кырдаалдын уланып жаткандыгына байланыштуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) жүргөн мекендештерди коопсуздук чараларын күчөтүүгө чакырат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Министрлик жарандарды дүрбөлөңгө түшпөй, тынчтыкты сактоого жана төмөнкү эрежелерди так аткарууга чакырат:

  1. БАЭнин Ички иштер министрлиги жана башка компетенттүү органдарынын билдирүүлөрүнө гана таянуу, такталбаган маалыматтарды таратпоо;
  2. БАЭ бийлигинин чечими менен, каттамдардын жокко чыгарылышына байланыштуу кыргыз жарандары мейманканаларда кошумча акы төлөбөстөн убактылуу жайгаштырылат жана аларды өлкөдөн чыгарып жибербөө чечими кабыл алынды;
  3. Мекендештерге туроператорлор, авиакомпаниялар жана КРнын чет өлкөдөгү мекемелери менен туруктуу байланышта болуу сунушталат.

Эгерде абадан коргонуу сигналы же башка өзгөчө кырдаалдар жарыяланса, укук коргоо органдарынын жана мейманкана кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн так аткаруу зарыл.

ТИМдин билдирүүсү

Учурда БАЭде «жабык асман» режими киргизилгендиктен, жер кургактыгы же үчүнчү өлкөлөр аркылуу чыгуу жолдорун өтө зарыл болгон учурда гана кароо сунушталат.

БАЭдеги КР жарандары тууралуу актуалдуу маалыматтарды (аты-жөнү, паспорт номери, жашаган дареги) топтоо үчүн төмөнкү түз байланыш номерлери иштеп жатат:

  • КРнын БАЭдеги элчилиги: +971 52 225 5269;
  • КРнын Дубай шаарындагы Башкы консулдугу: +971 52 291 8840;
  • КР ТИМдин Консулдук департаменти: +996 999 312 002.
Эң көп окулган жаңылыктар