Бүгүн 24.kg маалымат агенттиги 20 жашка толду. Маалымат каражаты үчүн бул жетиккен курак. Бул эми стартап, эксперимент же медиа мейкиндигине кокусунан келүү эмес, бул — тарых, кадыр-барк жана жылдар боюу түптөлгөн ишеним.
24.kg маалымат агенттигинин Башкы директору Алмас Турдумаматовдун ачык каты.
Урматтуу окурмандар!
Бүгүн 24.kg маалымат агенттиги 20 жашка толду. Маалымат каражаты үчүн бул жетиккен курак. Бул эми стартап, эксперимент же медиа мейкиндигине кокусунан келүү эмес, бул — тарых, кадыр-барк жана жылдар боюу түптөлгөн ишеним.
Жыйырма жыл мурун 24.kg агнеттиги Кыргызстандагы оперативдүү журналистиканын символдорунун бирине айланып, жылдар боюу узак жана татаал жолду басып өттүк.
Азыр мен башка нерсе жөнүндө айткым келет. Өткөн чак — биздин пайдубалыбыз. Биз ага ыраазыбыз. Аны менен сыймыктанабыз.
Бирок өткөн чак менен чектелүү — бул акырындык менен келечекти жоготуу дегендик.
Бүгүнкү күндө ЖМКлар абдан оор мезгилди башынан кечирип жатат. Биз мурдагыдай башка медиа долбоорлор менен гана атаандашпайбыз. Биз заманга жараша Facebook жана Instagram, алардын алгоритмдери, айрыкча смартфондордун ылдамдыгы менен атаандашып жатабыз. Жаңылыктар азыр журналист фактыларды текшере алгандан да ыкчам пайда болот. Ылдамдык үчүн катуу жарыш жүрүп жатат. Бирок социалдык тармак ылдамдыкта жеңишке жетсе, биз анда маани-маңыз, тереңдик менен алдыда туруубуз керек. Ошондуктан 24.kg агенттиги үчүн кийинки баскыч башталууда.
Учурда жаңы сайт иштелип жатат. Ал башкача, заманбап, колдонуучуга ыңгайлуу, так навигациясы жана 2026-жылга ылайык визуалдык тили менен чыгат. Бул баштан-аяк жаңыртуу эмес. Бул бүгүнкү күндө сапаттуу медиа кандай болушу керектиги жөнүндө кайрадан сарысеп салуу, келечекке кадам алуу болуп саналат. Бирок сырткы көрүнүш — бул башталышы гана. Эң башкысы мазмун маанилүү болушу күтүлөт.
Сиз күткөн жаңылыктар агымындан тышкары, биз аналитикалык багытыбызды күчөтөбүз. Биз үчүн окуяны кабарлоо гана эмес, анын чыгышы жана кайда алып барарын түшүндүрүү маанилүү. Куру, жылаңач жаңылыктардын убактысы өтүп баратат. Окурмандарга контекст, тереңдик, талдоо жана тажрыйба керек.
Жаңы журналисттик форматтар пайда болот. Дагы көп маектер, автордук рубрикалар, атайын долбоорлор жана мультимедиа болот. Биз татаал маселелер боюнча орус, кыргыз жана англис тилдеринде эркин, жөнөкөй жана так сүйлөйбүз. Жаңы үндөрдү жана жаңы темаларды издейбиз.
Бул биздин өздүгүбүздү четке кагуу эмес. Бул анын эволюциясы. 24.kg агенттиги ар дайым фактыларга таянып келген. Эми маани-маңызга басым жасайт.
Мен ар бир өзгөрүү тобокелчилик экенин түшүнөм. Дайыма бир нерсени жаңыртуу, айрыкча ал иштеп жатса, ошол бойдон калтыруу азгырыгы болот. Бирок өзгөрбөгөн медиа акырындык менен жок болуп кетет. Биз болсо жоголгубуз келбейт.
Ар кандай пикирлер айтылган, окурмандарын сыйлаган жана журналистика жөн гана түймөнү басуу эмес, кесип бойдон калган аянтчага айлангыбыз келет.
Ушул жылдар боюу биз менен болгонуңуз үчүн ырахмат. Эгер мындан ары дагы биз менен калсаңыз, биз анда туура жолдо баратабыз.
Жаңы доор башталууда. Ал албетте, кызыктуу болот.

