12:28
USD 87.45
EUR 103.28
RUB 1.14

Бүгүн «Ак-Босого» конушунда суу берүү убактылуу токтотулат

Бүгүн, 24-февралда саат 09:00дөн 18:00гө чейин Бишкектин «Ак-Босого» конушунда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине тиешелүү болууда.

Суу берүү «Ак-Босого-1» суу топтомосунда жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

«Бишкексууканал» ишканасы тургундардан жана уюмдардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүнүп, ыңгайсыздык үчүн кечирим сурады.

Эң көп окулган жаңылыктар