Ош шаарынын жаңы мэри Жанарбек Акаев эски базар турган жердин келечеги тууралуу комментарий берди. Ал жерге базар курулбай турганын, чечим акыркы экенин билдирди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Ал бүгүн, 20-февралда Ак-Буура дарыясынын жээгинде жайгашкан эски Ош базарынын аймагын жеринде көрүп чыгып, сунушталып жаткан долбоорлор менен таанышты.
Мэр аймакты заманбап эс алуу жайына айландырууну, жөө жүрүүчүлөргө шарт түзүп, жашыл аймактарды көбөйтүүнү жана тейлөө пункттарын иретке келтирүүнү тапшырды. Мэр мекемелерге тез арада жаңы долбоор иштеп чыгууну тапшырып, ишкерлерди инвестиция салууга чакырды. Ал мэрия тарабынан бардык колдоолор көрсөтүлөрүн убадалады.
Мэр эски базардын тарыхый маанисин белгилеп, аны туристтик потенциалы жогору, Ташкенттеги Magic City сыяктуу заманбап маданий-эс алуу борборуна айландырууну сунуштады.

