Манас шаарындагы базарда акциздик маркасы жок дээрлик 10 миң даана тамеки продукциясы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Текшерүүдө акциздик маркасы жок жалпы суммасы 1 млн 163,4 миң сомду түзгөн 9 миң 695 даана тамеки буюмдары, ошондой эле 24 таңгак мыйзамсыз электрондук тамеки жана 33 даана тыюу салынган түтүнсүз тамеки продукциясына окшош заттар (снюс) табылган.
Аныкталган товарлар мыйзамда белгиленген тартипте тартып алынып, тиешелүү материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
Ошондой эле маркасы жок акциздик продукцияларды сатуу үчүн жоопкерчилик чаралары каралган: 200 даанага чейин сатууда — 100 миң сом өлчөмүндө айып пул, ал эми 200дөн ашык санда сатууда — 7 жылга чейин эркинен ажыратылат.

