Кытайда Жаз майрамын белгилөөгө байланыштуу мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесинде жайгашкан өткөрүү пункттары убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен:
- «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пункту — 15-февраль саат 20:00дөн 19-февралга чейин;
- «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пункту — 17-февралдан 20-февралга чейин.
Адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү:
- «Эркечтам» пункту аркылуу — 19-февраль саат 08:00дөн;
- «Торугарт» пункту аркылуу — 20-февраль саат 08:00дөн баштап жанданат.
Чек ара кызматы жарандарды жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларын мамлекеттик чек арадан өтүүнү пландаштырууда бул маалыматты эске алууну суранат.

