2026-жылдын 2-февралынан 8-февралына чейин өлкөдө 25 638 жол кыймылынын эрежесин бузуу фактылары катталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Алардын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-2 666;
- Мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу −359;
- Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-166;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-674;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3 728;
- Авто ээнбаштык −27;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 2 588;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 11;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары —11 821;
- Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 598 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
Мекеме айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

