Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү жылдын алгачкы дүйнөлүк турдагы мелдеши — Paris Grand Slam турниринде катышат. Мелдеш 7—8-февраль күндөрү Франциянын борбору Париж шаарында өтөт. Бул тууралуу Эл аралык дзюдо федерациясынын расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Париждеги Grand Slam турниринде дүйнөнүн 81 өлкөсүнөн 522 спортчу катталган.
Кыргызстандын атынан мелдешке:
- Эрбол Абасбеков (66 кг чейин),
- Эрлан Шеров (90 кг чейин),
- Ханболот Ырысбеков (66 кг чейин) катышат.
Белгилей кетсек, дзюдо боюнча «Grand Slam» сериясы жалпы он этаптан турат. Бул мелдештер Парижден тышкары Ташкент, Тбилиси, Душанбе, Астана, Лозанна, Улан-Батор, Будапешт, Абу-Даби жана Токио шаарларында өтөт.

