18:44
USD 87.45
EUR 103.64
RUB 1.14

Алтын Казык: Кыргызстанда башталгыч класстын мугалимдерине ноутбуктар тапшырылды

Өлкө боюнча башталгыч класстын мугалимдерине 20 миң 286 даана «Алтын Казык» ноутбуктары тапшырылды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эми ноутбуктар райондук билим берүү бөлүмдөрү аркылуу мугалимдерге жеткирилет. Кийинки партияларда тарых, география жана кыргыз тили предметинин мугалимдерине берүү пландалууда.

Белгилей кетсек, ата мекендик ноутбуктар И. Раззаков атындагы КМТУнун «Технопарк» мекемесинде чогултулуп, техникалык талаптарга ылайык даярдалган. Ар бир ноутбукта атайын лицензияланган программалар орнотулуп, алар автоматтык түрдө жаңыртылып турат жана коопсуздук мүмкүнчүлүктөрү менен камсыздалган.

Мындан тышкары, мугалимдердин күнүмдүк ишине зарыл методикалык колдонмолор жана керектүү программалар киргизилген.

Эске салсак, өткөн жылы STEM предметтеринин (математика, физика, химия, биология, информатика) мугалимдерине 27 миңден ашык «Алтын Казык» ноутбугу берилген.

Эң көп окулган жаңылыктар