Бүгүн саат 09:00гө карата бардык унаа жолдордо жана ашууларда каттам үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Бишкек — Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда, Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда күн бүркөк, жолдо каттам бар.
Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда жана Каракол — Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда күн ачык, каттам бар.
Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайында күн ачык, жол кыймылы үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер күн сайын, күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Жол кырдаалы туруктуу көзөмөлдө турат.

