Бүгүн, 29-январда өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, жалпы пайдалануудагы унаа жолдордо инерттик материалдарды чачуу, кар күрткүлөрүн тазалоо иштери күнү-түнү үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, подряддык компаниялар тейлеген жол тилкелеринде да тазалоо жана жол жээгин кеңейтүү иштери туруктуу аткарылууда.
Министрлик ашуу аркылуу жол жүргөн айдоочуларды жол коопсуздугун камсыздап, ылдамдыкты сактап, каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин сактоого жана керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.

