16:02
USD 87.45
EUR 103.72
RUB 1.14

Кар көчкү түштү! Бишкек — Ош жолу убактылуу жабылды

Бүгүн, 28 январда саат 12:20 да Бишкек — Ош унаа жолунун 247+500 чакырымына узундугу болжол менен 50 метр бийиктиги 2 метр болгон кар кɵчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, каттам убактылуу эки тараптуу жабык.

Учурда № 23 Жол тейлɵɵ ишканасы тарабынан ыкчам түрдɵ керектүү техникалар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдɵ.

Кошумча маалымат берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар