19:21
USD 87.45
EUR 103.72
RUB 1.14

Кайрат Турсункулов Тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды

Тышкы иштер министринин орун басары болуп Кайрат Турсункулов дайындалды. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгонун министрликтен билдирди.

Бүгүн, 27-январда жаңы жетекчини эмгек жамаатына президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип тааныштырып, жооптуу кызматында ийгиликтерди жана жемиштүү ишмердүүлүктү каалады.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Кайрат Турсункулов Тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Турсункулов Кайрат Эркинович 1985-жылдын 23-майында төрөлгөн. 2009-жылдан бери Тышкы иштер министрлигинин тутумунда эмгектенип, стажёрдон тартып Мамлекеттик протокол департаментинин директоруна чейинки кызмат жолун басып өткөн.

Ошондой эле кыргыз өкмөтүнүн аппаратында жана Кыргызстандын Германиядагы, Австриядагы жана Бельгиядагы элчиликтеринде иштеген.

1-класстагы кеңешчи Дипломатиялык рангына ээ. Англис жана немис тилдерин билет.

Эң көп окулган жаңылыктар