10:45
USD 87.45
EUR 103.65
RUB 1.15

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Даярдыктардын алгачкы планы бекитилди

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин төрагалыгы астында сентябрь айында өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү боюнча жумушчу топтун жыйыны өттү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Жыйынга министрдин орун басарлары, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Калыбек Молдажиев, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов, башкы режиссёр Алтынбек Максутов, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын жана мекемелердин жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө иш-чараны өткөрүүнүн негизги локациялары, уюштуруу маселелери, оюндардын жүрүшү жана даярдык иштеринин учурдагы абалы боюнча маалыматтар угулду.

Ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жогорку деңгээлде уюштурулушун камсыз кылуу максатында тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилди.

Маданият министрлигинин басма сөз кызматы
Фото Маданият министрлигинин басма сөз кызматы. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтөт. Ачылыш аземи Бишкекте, ал эми негизги мелдештер жана жабылуу аземи Ысык-Көлдө уюштурулат.

Эң көп окулган жаңылыктар