2026-жылдын 25-январында, оор оорудан кийин, белгилүү кыргыз маданият ишмери, этнограф, дизайнер жана улуттук кийимдерди изилдөөчү, «Кийиз Дүйнө» коомдук фондунун негиздөөчүсү Айдай Бектемир кызы Асангулова 48 жашында чын дүйнө салды.
Айдай Амангулова кыргыздын кол өнөрчүлүгүн кеңири таанытып жана жайылтууда зор эмгек сиңирди. 2010-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кызыл-Туу айылында «Миң кыял» деген ат менен коомдук фондду негиздеген.
2012-2013-жылдары Кызыл-Туу айылында «Кийиз дүйнө» аттуу кол өнөрчүлүк фестивалын уюштуруп, ошондон кийин «Кийиз дүйнө» таанылган.
«Кийиз дүйнө» коомдук фонду кол өнөрчүлүк өнөрдү жайылтууга, кыз-келиндерди сайма саюуга, кийиз жасоого үйрөтүп келет.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 27-январь күнү, саат 11:00 болот.
Дареги: Ысык-Көл облусу, Тоң району, Кызыл-Туу айылы, Капчыгай көчөсү, 91-үй.
24.kg редакциясы Айдай Асангулованын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтат.

