Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы 20 жашка чейинкилер арасында өткөн дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунун В тайпасында алтын медаль утуп, чемпион болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, чемпионаттын жүрүшүндө кыргызстандык хоккейчилер ишенимдүү оюн көрсөтүп, өткөрүлгөн беш беттештин баарында тең жеңишке жетишти.
Кыргызстандын курама командасы Гонконгду 4:1, Түштүк Африканы 7:2, Иранды 15:1, Люксембургду 5:3 жана Мексиканы 7:4 эсебинде утту.
Турнирдин жыйынтыгында кыргызстандыктар 15 упай топтоп, үчүнчү дивизиондун В тайпасында дүйнө чемпиону аталды.
Алтын медалы багындыруу менен Кыргызстандын жаштар курама командасы кийинки сезондо дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунун А тайпасында ойноо укугуна ээ болду.
Таймашта күмүш медалды Гонконгдун командасы утуп, экинчи орунду камсыздады. Ал эми мексикалыктар коло медаль тагынып, үчүнчү орунга жайгашты.
Белгилей кетсек, 18-24-январь күндөрү Бишкек шаарындагы «Бишкек Аренада» хоккей боюнча (U-20) жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты (III дивизиондун B тайпасы боюнча) өттү. Мелдеште Кыргызстан, Мексика, Люксембург, Түштүк Африка, Иран жана Гонконг (Кытай) жаштар курама командалары күч сынашты.

