Фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Ош шаарынын химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин боюнча башкармалыгы мамлекеттик чек арада күчөтүлгөн фитосанитардык көзөмөлдү жүргүзүп жатат.
Суу чарбасы, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн жуманын соңунда «Достук» көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу Өзбекстандан Кыргызстандын аймагына ташылып кирүүгө аракет жасалган 26 тонна 978 кг пияз продукциясы тиешелүү фитосанитардык сертификатынын жоктугуна жана жүктүн белгиленген тартипте маркировкаланбагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилген жок.
Аталган жүк Ош башкармалыгынын адистери тарабынан текшерилип, фитосанитардык мыйзам бузуулар аныкталгандыктан, жүк ташуучу тарапка кайра кайтарылды.

