Бүгүн, 30-декабрда Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында XII «Ак илбирс-2025» улуттук кино сыйлыгын тапшыруу аземи өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул сыйлык өлкөнүн кино тармагындагы эң маанилүү профессионалдык сыйлыктарынын бири. Аталган сыйлык жыл сайын улуттук кинематографиядагы мыкты жетишкендиктерди белгилөө максатында тапшырылып келет.
Салтанаттуу аземге өлкөнүн алдыңкы кинорежиссёрлору, актёрлору, сценаристтери, операторлору жана кино тармагындагы техникалык адистер катышат.
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр көркөм, даректүү жана кыска метраждуу тасмаларды камтыган 15 номинация боюнча аныкталат:
- Мыкты көркөм тасма;
- Мыкты режиссёр;
- Мыкты сценарий;
- Мыкты оператор;
- Мыкты айымдын ролу;
- Мыкты эркектин ролу;
- Мыкты композитор;
- Мыкты үн режиссёру;
- Мыкты сүрөтчү;
- Мыкты монтаж;
- Мыкты даректүү тасма;
- Мыкты кыска метраждуу тасма;
- Улуттук кинематографка кошкон өзгөчө салымы үчүн атайын сыйлык;
- Купулуна толгон тасма (кассалык жыйынтык боюнча);
- Борбордук Азия боюнча мыкты тасма;
Эске салсак, Улуттук «АК Илбирс» киносыйлыгы — Кыргызстанда кино өнөрүн колдоо, чыгармачылык жетишкендиктерди таануу жана улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү максатында түзүлгөн профессионалдык сыйлык болуп саналат.

