Жыл башынан тартып банк секторунун суммардык активдери 38% өсүү менен 1 триллион 125,2 миллиарл сомду түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банктан билдирди.
Банк секторунун кардарларынын жалпы депозиттик базасы 35 пайыз өсүү менен 800 млрд сомду түздү.
Финансылык мекемелердин насыя портфели да олуттуу өсүштү көрсөттү. Берилген насыялардын жалпы көлөмү 40,2 пайызга өсүп, 477,7 миллиард сомго жеткен.
Ислам принциптери боюнча берилген каржылоонун көлөмү 91,5 пайызга өскөн. Октябрь айынын аягына карата бул көрсөткүч 17,3 миллиард сомду түздү, бул калктын жана бизнестин альтернативдүү финансылык инструменттерге болгон кызыгуусунун өсүп жатканын көрсөтүп турат.

