Ушул жылдын декабрь айында «КазТрансОйл» ААКсы Кыргызстанга мунай жеткирүүнү көбөйтүп, Өзбекстанга транзитти кайра баштайт. Бул тууралуу inbusiness.kz компаниясынын басма сөз кызматына шилтеме берип билдирди.
Компаниянын маалыматы боюнча, Кыргызстанга мунай жеткирүү ноябрь айында кайра жанданган. Буга чейин бул маршрут боюнча ташуу 2017-жылы башталган. 2025-жылдын аягына чейин биздин республикага 30 000 тоннага чейин мунай жеткирүү пландаштырылууда.
Өзбекстанга мунай транзити декабрь айында пландаштырылган, анын көлөмү 35 000 тоннага чейин жетет.
«Эки багыт боюнча тең жеткирилүүчү мунайдын жалпы көлөмү 65 000 тоннага чейин жетет. Анын ичинен ушул айда 55 000 тоннага чейин жеткирилиши күтүлүүдө», — деп белгиленет билдирүүдө.
Мунай магистралдык түтүктөрдүн системасы аркылуу «Шагыр» мунай жүктөө терминалына жеткирилип, ал жерден темир жол цистерналарына жүктөлөт.

