ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери мыйзамсыз кумар оюндарын уюштурган топтун ишмердүүлүгүн токтотушту. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кылмышкерлер бул үчүн Бишкектен батирлерди ижарага алышкан.
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Оюн-зоок ишин мыйзамсыз уюштуруу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Аталган факт боюнча ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кумар оюндары өткөрүлгөн дарек жана ага тиешеси бар 5 адам аныкталып, тергөө кызматына жеткирилди.
Ички иштер министрлиги мыйзамсыз кумар оюндарын уюштуруу жана ага катышуу мыйзам тарабынан тыюу салынганын жана кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет.

