22:13
USD 87.45
EUR 99.46
RUB 1.07

Кыргызстанда орточо айлык акы 39 456 сомду түздү

2025-жылдын январь-февралында Кыргызстанда орточо айлык акы 39 миң 456 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинен билдирди.

Маалыматка ылайык, бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 17,8% көп. Айрыкча курулуш, кыймылсыз мүлк менен иштөө, медиа, ресторан жана мейманкана кызматтары, тоо-кен өндүрүшү сыяктуу тармактарда айлык жогорулаган. Ошондой эле илимий-техникалык (IT тармагы) жана кесиптик тейлөө кызматтарында да көбөйгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG
2-май, жума