Суу чарба жана айыл чарба министрлиги өлкөдө дыйкандар үчүн картошканын дүң баасынын ыңгайлуулугу сакталып жатканын билдирди. Баалардын мындан ары көтөрүлүшү күтүлбөйт деп убада беришүүдө.
Дыйкандар учурдан пайдаланып, картошка запастарын азыр сатып, жакшы киреше алууга үндөшүүдө. Учурда картошканын дүң баасы килограммы 40 сомдон жогору болууда.
«Бүгүнкү күндө республиканын базарларында картошканын чекене баасы 35 сомдон 65 сомго чейин өзгөрүп турат. Картошканын баасы көтөрүлбөйт. Министрлик ошондой эле жаңы картошкалар чыгып, май айында сатыкка коюлгандыктан, бул баанын төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн экенин эскертет», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын 14-апрелине карата республикага жалпысынан 8298 тонна картошка кирсе, 16 миң тоннага жакыны экспорттолгон. Продукциялар бардык лабораториялык текшерүүлөрдөн өтөт.