02:11
USD 87.06
EUR 95.22
RUB 1.01

Кербен шаарындагы «Караван» аэропорту атын өзгөрттү

Кербен шаарындагы «Караван» аэропорту атын өзгөрттү. Бул тууралуу «Кыргызстандын аэропорттору» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди акционердик коомдун башкармалыгы кабыл алган.

«Аэропорт азыр Кербен аэропорту деп аталат», — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 2024-жылы аба майданды калыбына келтирүүгө 36 миллион сом бөлүнгөн. Бул каражатка аэропорттун учуп-конуу тилкеси узартылып, 1972-жылы пайдаланууга берилген учуу тилкеси толугу менен жаңыланган.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG