Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 500-544-чакырымдарында (Ат-Башы району) катуу бороондон жол жакшы көрүнбөй, оор жүк ташуучу унаалар үчүн кыйынчылык жаралууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, катуу шамалдын кесепетинен айрым оор жүк ташуучу унаалардын бош чиркегичтери оодарылган. Учурда аталган аймакта жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө.
«Катуу шамал оор жүк ташуучу унаалардын бош чиркегичтерин оодарып, ошого жараша унаалардын трассада жүрүшүн кыйындатат. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жогоруда аталган облуска жана башка тоолуу аймактарга бара жаткан айдоочуларды аба ырайынын шарттарын эске алып, Жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат», — деп айтылат маалыматта.