Бишкектин 10-кичи районундагы № 33 үйдүн тургундары шаар бийлигинен ысык суу менен камсыз кылууну суранышууда.
«Жылуулук өчүрүлгөндөн кийин жыл сайын бизде ушундай көйгөй жаралат. Биздин батирлерде ысык суунун ордуна жылуу суу агат. Жаңы тариф боюнча биз муздак сууга акча төлөшүбүз керекпи? Сиз каалаган батирге кирип, «ысык» суунун температурасын өлчөсөңүз болот, ошондо биздин көйгөйдү түшүнөсүз. Ошого карабастан биз ири суммадагы эсеп-дүмүрчөктөрдү алабыз. Крандан келген ысык суунун температурасы 60-75 градус болушу керектиги баарыбызга маалым. «Мунун тез арада чечилишин суранабыз», — деп жазат нааразы болгон шаар тургундары.