12:02
USD 85.91
EUR 93.34
RUB 1.03

Камчыбек Ташиев «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайы боюнча кеңири түшүндүрмө берди

Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайы эмне үчүн 50/50гө бөлүнгөнүн жана анын ордуна Кыргызстан эмне алганын айтып берди.

Ал белгилегендей, суу бөлүштүрүүчү жайы 1975-жылдары кыргыз тарап тарабынан курулган. Бирок сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тажик тарап «Головнойду» тең бөлүүнү сунуштаган.

«Суунун 40 пайыздан ашыгын Тажикстан, 20 пайызын Өзбекстан, 30 пайызын Кыргызстан пайдаланган. Тажик тарап ресурстун басымдуу бөлүгүн пайдаланып келген, анткени биздин Баткен облусунда калкыбыз аз — 200-300 миңдей адам. Согди облусунда тажиктердин саны 3 миллион адамга жетет. Андыктан муктаждыгыбызга карап сууну аз алдык», — дейт Камчыбек Ташиев.

Тажик тарап бул жерди ортосунан бөлүүнү сунуштады. Биз аларга 4 метр жер калтырышыбыз керек болду. Себеби, калтырсак да, калтырбасак да ошол сууну алар пайдаланып жатат. Мындан кийин да пайдалана берет. Себеби, өкмөттөр аралык сууну колдонуу боюнча келишим бар. Биз ал сууну пайдаланбайсың деп бербей кое албайбыз. Ошол 4 метр жерди бериш үчүн тажик тараптан 1000 гектар жер сурадым. Бирок, талашып-тартышып отуруп 4 метр жер үчүн 750 гектар жер алдык. Мында суу мурдагыдай эле бөлүнөт. Чек ара сызыгы «Головной» тилкесинин ортосунан өтөт«,-деди Ташиев.

Ошондой эле УКМК төрагасы жалпы 750 гектар жерди кайсы тилкелерден алгандыгы тууралуу маалымат берди. Белгиленгендей, Караганды-Сай участогунан 500 га, Кароол-Дөбө участогунан 100 га, Катта-Туз участогунан 150 га жер алынган.

Эскерте кетсек, Ак-Суу дарыясында жайгашып үч мамлекетти суу менен камсыздаган «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайы Баткен облусунун Көк-Таш айылында жайгашкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG