19:13
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Баткен облусунда мыйзамсыз диплом берүү фактылары аныкталды

Башкы прокуратура Баткендеги No57 кесиптик лицейде Кыргызстандан тышкары жүргөн жана иш жүзүндө окубаган 6 окуучуга сынактан баа берилип, тиешелүү адистиктер боюнча мыйзамсыз диплом берилгенин аныктады.

Жогорудагы фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар