23:19
USD 85.91
EUR 93.34
RUB 1.03

Улут аралык кастык иши. Шаардык сот NazarNews гезитинин башкы редакторун актады

Бүгүн,18-мартта шаардык сот улут аралык кастык боюнча козголгон NazarNews гезитинин башкы редактору Гүлжан Шерипбаеваны актады. Маалыматты 24.kg агентигине журналист өзү тастыктады.

Иш УКМКнын борбордук аппараты тарабынан козголуп, андан соң баш калаанын Биринчи Май райондук сотунун кароосуна өткөрүлүп, мурда актоо өкүмү чыккан.

КР Кылмыш-жаза кодексинин «Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар ​​аралык кастыкты козутуу (аразчылык)» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоого Гүлзат Алиеванын фотосүрөттө Аяз кыздын кийимин кийген хиджабчан кыз тартылган басылманын репосту себеп болгон. Ал Санта Клаустун жанында турат.

Эске сала кетсек, NazarNews басылмасынын башкы редактору 2023-жылдын ноябрь айында кармалган. Бир нече убакыттан кийин ал үй камагына бошотулган.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG