02:27
USD 87.40
EUR 95.11
RUB 1.02

Кыргыз-тажик чек арасынан төрт күндө дээрлик 5 миң адам өткөн

13-17-март аралыгында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынан 4891 адам өттү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалым болгондой, «Кайрагач» постунан 3 миң 755 адам, Кызыл-Бел бекетинен 659 адам өтүп, дагы 477 адам Кыргызстандан Тажикстанга жана кайра учак менен учуп келген.

Чек ара кызматы Лейлек районунун аймагында жайгашкан «Кайрагач» эки тараптуу — Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын жарандары үчүн, ал эми Баткен районундагы «Кызыл-Бел» көп тараптуу болуп, үчүнчү өлкөнүн жарандары да өтө ала турганын тактады.

13-мартта Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда эки тараптуу документтерге кол коюлгандан кийин «Кызыл-Бел» жана «Кайрагач» өткөрмө бекеттеринин иши жанданды.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда беш: Кулунду, Кызыл-Бел, Кайрагач, Карамык жана Бор-Дөбө өткөрмө бекеттери бар. Өлкөлөр ортосундагы чек ара куралдуу кагылышуудан кийин 2021-жылдын жазынан бери жабык.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG